> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Улуттук банк соцтармактар аркылуу банктын атынан келген билдирүүлөр жалган экенин эскертет
- URL: https://im.kg/all/2023/02/06/uluttuk-bank-soctarmaktar-arkyluu-banktyn-atynan-kelgen-bildir-l-r-zhalgan-ekenin-eskertet/
- Published: 2023-02-06T11:54:32.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:44:58.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Улуттук банк соцтармактар жана мессенджерлер аркылуу “Улуттук банк сурамжылоо жүргүзүп жатат, анын жыйынтыгында каалагандар 20 миң сом өлчөмүндө сыйлык ала алат” – деген, жалган билдирүүлөрдү тараткан алдамчылар активдешкенин билдирет.**

Улуттук банк белгисиз сайттарга шилтеме берүү менен билдирүүлөрдү жайылтуу аркылуу утушка ээ болуучу эч кандай сурамжылоо жүргүзгөн эмес жана жүргүзбөй тургандыгын белгиледи.

> “**Бул алдамчылык аракеттердин бир түрү**. Анын максаты сиздин жеке маалыматтарыңызга ээлик кылуу болуп саналат. Мындай жол менен жарандар эсебиндеги акча каражаттарын жоготуп алуу коркунучу бар”, – дейт регулятор.

> Эч убакта жеке маалыматыңызды, картаңыздын номерин, PIN-кодду, картанын жарактуулук мөөнөтүн, ошондой эле CVV/CVC коддорун (бул коопсуздук коддору, кол коюу тилкесинде картанын артындагы акыркы 3 сан), SMS (тексттик билдирүүлөр) аркылуу тастыктоочу коддорду үчүнчү жактарга, өзгөчө бейтааныш адамдарга бербеңиз. Текшерилбеген белгисиз шилтемелерге кирбеңиз, ошондой эле ал жакка жеке маалыматтарды жана картаңыздын реквизиттерин эч качан жазбаңыз”, – дейт регулятор.