> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандарга акча чогултуу үчүн «Айыл Банкта» эсеп ачылды
- URL: https://im.kg/all/2023/02/07/ajyl-bank-t-rkiyadagy-zher-titir-d-n-zhabyrkagandarga-akcha-chogultuu-ch-n-esep-achty/
- Published: 2023-02-07T17:50:37.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:50:10.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Түркияда зилзаладан жабыркаган жарандар үчүн КР Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгында ыктыярдуу жарандар жана мекеме-уюмдардан чогултуу боюнча атайын бирдиктүү депозиттик эсеп ачылды.** 

Табигат кырсыгынын кесепеттерин жойууга көмөк көрсөтүүнү каалагандар төмөнкү эсептин реквизиттерине сом, доллар жана евро түрүндө акча каражаттарын которо алат.

- Банк: **“Айыл Банк”** ААК
- ИНН 01803199710084
- БИК 135001
- ОКПО 30597768
- Эсеп № 1350102119900169 “КР финансы министрлигинин трназиттик эсеби (Түркия Республикасына жардам)” (сом, АКШ доллары, евро)
- Төлөм коду 14411100 – “Учурдагы жардам”
- Максаты: Түркия Республикасына жарандардан жана юридикалык тараптардан жардам.

Ошондой эле КР ӨКМ түз байланышы иштөөдө. 

Маалымат үчүн номерлер: – ӨКМ —112; – КР президенттин администрациясынын Кырдаалдык борбору — (0312) 662292.

Маалым болгондой, Түркиядагы акыркы окуяларга байланыштуу президенттик аппараттын жетекчилиги жана кызматкерлери бир күндүк маянасын материалдык жардам катары которушту.