Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандарга акча чогултуу үчүн «Айыл Банкта» эсеп ачылды

Түркияда зилзаладан жабыркаган жарандар үчүн КР Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгында ыктыярдуу жарандар жана мекеме-уюмдардан чогултуу боюнча атайын бирдиктүү депозиттик эсеп ачылды.

Табигат кырсыгынын кесепеттерин жойууга көмөк көрсөтүүнү каалагандар төмөнкү эсептин реквизиттерине сом, доллар жана евро түрүндө акча каражаттарын которо алат.

  • Банк: “Айыл Банк” ААК
  • ИНН 01803199710084
  • БИК 135001
  • ОКПО 30597768
  • Эсеп № 1350102119900169 “КР финансы министрлигинин трназиттик эсеби (Түркия Республикасына жардам)” (сом, АКШ доллары, евро)
  • Төлөм коду 14411100 – “Учурдагы жардам”
  • Максаты: Түркия Республикасына жарандардан жана юридикалык тараптардан жардам.

Ошондой эле КР ӨКМ түз байланышы иштөөдө.

Маалымат үчүн номерлер: – ӨКМ —112; – КР президенттин администрациясынын Кырдаалдык борбору — (0312) 662292.

Маалым болгондой, Түркиядагы акыркы окуяларга байланыштуу президенттик аппараттын жетекчилиги жана кызматкерлери бир күндүк маянасын материалдык жардам катары которушту.