> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# БАЭнин ири компанияларынын өкүлдөрү Кыргызстанга ишкерлер менен жолугууга келишет
- URL: https://im.kg/all/2023/02/07/baenin-iri-kompaniyalarynyn-k-ld-r-kyrgyzstanga-ishkerler-menen-zholuguuga-kelishet/
- Published: 2023-02-07T11:45:53.000Z
- Updated: 2023-05-30T12:14:14.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кечээ, 6-февралда алдыңкы Дубайдын Соода-өнөр жай палатасынын өкүлдөрү Бишкекке келишти. Бул тууралуу Улуттук инвестициялык агенттиктин маалымат кызматы билдирди.**

Алардын сапарынын максаты – биргелешкен кызматташуунун мындан аркы пландарын аныктоо, атап айтканда, биргелешкен ишканаларды түзүү, ошондой эле эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрү менен байланыштарды түзүү болуп саналат.

> Буга байланыштуу үстүбүздөгү жылдын **20-мартында** БАЭден келе турган 20дан ашык ишкерлер менен бизнес жолугушуу өткөрүү пландалууда. 

БАЭден келчү бизнес-делегациянын курамына КРдан азык-түлүк товарларын импорттоого кызыкдар болгон ири дистрибьютор компаниялары, логистика, ошондой эле өнөр жай ишканалары, анын ичинде медицина тармагындагы ишканалар кирет.

- Кыргызстандагы кызыкдар компаниялар БАЭден келген ишкерлер менен бизнес жолугушууга катышуу үчүн ушул жылдын 10-мартына чейин elida.bazarbaeva77@gmail.com электрондук почтасы аркылуу катталса болот.