БАЭнин ири компанияларынын өкүлдөрү Кыргызстанга ишкерлер менен жолугууга келишет

Кечээ, 6-февралда алдыңкы Дубайдын Соода-өнөр жай палатасынын өкүлдөрү Бишкекке келишти. Бул тууралуу Улуттук инвестициялык агенттиктин маалымат кызматы билдирди.

Алардын сапарынын максаты – биргелешкен кызматташуунун мындан аркы пландарын аныктоо, атап айтканда, биргелешкен ишканаларды түзүү, ошондой эле эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрү менен байланыштарды түзүү болуп саналат.

Буга байланыштуу үстүбүздөгү жылдын 20-мартында БАЭден келе турган 20дан ашык ишкерлер менен бизнес жолугушуу өткөрүү пландалууда.

БАЭден келчү бизнес-делегациянын курамына КРдан азык-түлүк товарларын импорттоого кызыкдар болгон ири дистрибьютор компаниялары, логистика, ошондой эле өнөр жай ишканалары, анын ичинде медицина тармагындагы ишканалар кирет.

  • Кыргызстандагы кызыкдар компаниялар БАЭден келген ишкерлер менен бизнес жолугушууга катышуу үчүн ушул жылдын 10-мартына чейин elida.bazarbaeva77@gmail.com электрондук почтасы аркылуу катталса болот.