> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан 63 куткаруучусун жер титирөөдөн жабыр тарткан Түркияга жөнөттү
- URL: https://im.kg/all/2023/02/07/kyrgyzstan-63-kutkaruuchusun-zher-titir-d-n-zhabyr-tartkan-t-rkiyaga-zh-n-tt/
- Published: 2023-02-07T11:04:14.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:38.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кечээ, 6-февралда жер титирөө катталган Түркияга кыргызстандык куткаруучулар жардамга жөнөтүлдү. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.**

Жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу боюнча эл аралык келишимдердин негизинде урандылардын астында калган адамдарды издөөгө жана куткарууга, тазалоого КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 63 куткаруучу Түркия мамлекетине кетти.

> “Куткаруучулар 20 күнгө жетерлик тамак-аш азыктарын, издөө, куткаруу иштерине тиешелүү шаймандарын өздөрү менен алып кетишет. Мындан сырткары, урандылардын астынан жабыр тарткан адамдарды издөөгө ӨКМге караштуу Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борбордун машыктырылган 2 ити тартылмакчы. Жардам берүүгө чыккан курамда куткаруучулар, врач, фельдшерлер, психологдор, кинолог бар”, – дейт ӨКМ.

Белгилей кетсек, жакынкы арада Түркияга гуманитардык жардам да жөнөтүлөт.