Кыргызстан 63 куткаруучусун жер титирөөдөн жабыр тарткан Түркияга жөнөттү
Кечээ, 6-февралда жер титирөө катталган Түркияга кыргызстандык куткаруучулар жардамга жөнөтүлдү. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу боюнча эл аралык келишимдердин негизинде урандылардын астында калган адамдарды издөөгө жана куткарууга, тазалоого КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 63 куткаруучу Түркия мамлекетине кетти.
“Куткаруучулар 20 күнгө жетерлик тамак-аш азыктарын, издөө, куткаруу иштерине тиешелүү шаймандарын өздөрү менен алып кетишет. Мындан сырткары, урандылардын астынан жабыр тарткан адамдарды издөөгө ӨКМге караштуу Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борбордун машыктырылган 2 ити тартылмакчы. Жардам берүүгө чыккан курамда куткаруучулар, врач, фельдшерлер, психологдор, кинолог бар”, – дейт ӨКМ.
Белгилей кетсек, жакынкы арада Түркияга гуманитардык жардам да жөнөтүлөт.