Кыргызстандан Венгрияга түз авиакаттамдарды ачуу боюнча сүйлөшүүлөр уланууда
Кыргызстан менен Венгрия Бишкек – Будапешт багыты боюнча түз авиакаттамдарды ачуу боюнча келишимге кол коюуну ниеттенип жатат. Бул тууралуу 6-февралда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында Мамлекеттик жарандык авиация агенттигинин жетекчиси Александр Настаев билдирди.
Настаевдин айтымында, өлкө бул долбоорду мурда эле ишке ашыргысы келген, бирок Украинадагы согуштан улам кийинкиге жылып келген. Азырынча келишим Украина менен Россия аркылуу кыска жол менен эмес, Кавказ өлкөлөрү менен Грузия аркылуу өтүү каралууда.
«Азыр биз Кутаиси же Тбилиси аркылуу өтүүчү каттамдын үстүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдөбүз. Биз каттамды ишке ашырууга грузин тараптын уруксатын күтүп жатабыз», — деди Настаев.
Аталган аба каттамдын оператору венгриялык Wizz Air болушу мүмкүн. Кыргызстан аны бир нече жылдан бери учурууга аракет кылып келет. Ошондой эле МЖААнын жетекчиси Бишкектен Будапештке билеттердин болжолдуу баасын да ачыктады.
«Бул компаниянын (Wizz Air) тарифтери өтө төмөн. Тариф 150-160 доллар деңгээлинде болот. Бул болжолдуу баалар», – деди ал.
Будапешт – Бишкек түз аба каттамдары ачылат
Литва венгриялык Wizz Air авиакомпаниясы менен Вильнюс – Бишкек түз аба каттамын ачууну көздөөдө
Венгриянын Wizz Air компаниясы Кыргызстанда аба хабын ачууну пландаштырууда