> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кытай менен КР жүк ташуучу айдоочуларга виза берүү маселесин талкуулашты
- URL: https://im.kg/all/2023/02/07/kytaj-menen-kr-zh-k-tashuuchu-ajdoochularga-viza-ber-maselesin-talkuulashty/
- Published: 2023-02-07T11:30:55.000Z
- Updated: 2023-02-07T11:33:10.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Кытайдын КРдагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.**

Жолугушуунун жүрүшүндө жол-транспорттук тармагын эки тараптуу өнүктүрүү боюнча диалог болуп, жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы сооданы жогорулатуу максатында Кытайга каттаган эл аралык жүк ташуучу унаалардын айдоочуларына виза берүү шартын карап чыгууну талкуулашкан. 

> “Учурда Кыргызстандын 1500дөй айдоочусу визага муктаж. Ошондой эле Кытайдын элчиси Ду Дэвэнь 2023-жылдын 30-январынан тартып визага документтерди кабыл алууну дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү кабыл алып баштагандыгын баса белгиледи”, – деп айтылат билдирүүдө. 

Жолугушуунун жыйынтыгында 2023-жылга карата эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү пландары боюнча пикир алышып, эки мамлекеттин жол-транспорт жана темир жол тармагын өнүктүрүү боюнча кызматташууну улантууга макулдашышты.

- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2023/02/329252683_1226859161261651_7701239787511305638_n.jpeg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2023/02/329252683%5F1226859161261651%5F7701239787511305638%5Fn.jpeg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2023/02/329360401_1193076121414476_1898775959874114026_n.jpeg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2023/02/329360401%5F1193076121414476%5F1898775959874114026%5Fn.jpeg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2023/02/329499102_482568447417261_9144042612459333021_n.jpeg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2023/02/329499102%5F482568447417261%5F9144042612459333021%5Fn.jpeg)