Кытай менен КР жүк ташуучу айдоочуларга виза берүү маселесин талкуулашты
Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Кытайдын КРдагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө жол-транспорттук тармагын эки тараптуу өнүктүрүү боюнча диалог болуп, жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы сооданы жогорулатуу максатында Кытайга каттаган эл аралык жүк ташуучу унаалардын айдоочуларына виза берүү шартын карап чыгууну талкуулашкан.
“Учурда Кыргызстандын 1500дөй айдоочусу визага муктаж. Ошондой эле Кытайдын элчиси Ду Дэвэнь 2023-жылдын 30-январынан тартып визага документтерди кабыл алууну дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү кабыл алып баштагандыгын баса белгиледи”, – деп айтылат билдирүүдө.
Жолугушуунун жыйынтыгында 2023-жылга карата эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү пландары боюнча пикир алышып, эки мамлекеттин жол-транспорт жана темир жол тармагын өнүктүрүү боюнча кызматташууну улантууга макулдашышты.