> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Түркиядагы жер титирөөдө каза болгондордун арасында Кыргызстандын жарандары жок - ТИМ
- URL: https://im.kg/all/2023/02/07/t-rkiyadagy-zher-titir-d-kaza-bolgondordun-arasynda-kyrgyzstandyn-zharandary-zhok-tim/
- Published: 2023-02-07T12:00:37.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:50:23.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**КРнын Тышкы иштер министрлиги Бишкек убактысы боюнча саат 10:00гө карата алынган алдын ала маалыматтар боюнча, Түркиядагы жер титирөөнүн жыйынтыгында каза болгондордун арасында Кыргызстандын жарандары жок экенин билдирди.**

Министрликтин берген маалыматы боюнча, Адана шаарында 1984-жылы туулган КРнын жараны А.Т. **жабыр тарткан**, ага ооруканада керектүү медициналык жардам көрсөтүлгөн. Ал жарандын абалы канааттандырарлык; учурда ал ооруканадан чыгарылды.

Анталья шаарындагы Башкы консулдуктун кызматкерлери тарабынан Адана шаарындагы КРнын 10 жаранына азык-түлүк, суу, жылуу кийим жана жууркан түрүндө жардам көрсөтүлүп, ысык тамак берилип, алар коопсуз жерге жайгаштырылган.