Түркиядагы жер титирөөдө каза болгондордун арасында Кыргызстандын жарандары жок - ТИМ
КРнын Тышкы иштер министрлиги Бишкек убактысы боюнча саат 10:00гө карата алынган алдын ала маалыматтар боюнча, Түркиядагы жер титирөөнүн жыйынтыгында каза болгондордун арасында Кыргызстандын жарандары жок экенин билдирди.
Министрликтин берген маалыматы боюнча, Адана шаарында 1984-жылы туулган КРнын жараны А.Т. жабыр тарткан, ага ооруканада керектүү медициналык жардам көрсөтүлгөн. Ал жарандын абалы канааттандырарлык; учурда ал ооруканадан чыгарылды.
Анталья шаарындагы Башкы консулдуктун кызматкерлери тарабынан Адана шаарындагы КРнын 10 жаранына азык-түлүк, суу, жылуу кийим жана жууркан түрүндө жардам көрсөтүлүп, ысык тамак берилип, алар коопсуз жерге жайгаштырылган.