> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Өткөн жылы алкоголдук продукцияга эң көп акциз салыгын «АЮ» ЖЧК төлөдү
- URL: https://im.kg/all/2023/02/07/tk-n-zhyly-alkogolduk-produkciyaga-e-k-p-akciz-salygyn-aju-zhchk-t-l-d/
- Published: 2023-02-07T13:55:26.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:05:30.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Мамлекеттик салык кызматы 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча өлкөдө өндүрүлгөн алкоголдук продукциялардан 1 млрд 780 млн сом акциз салыгын чогулткан. Бул 2021-жылдагы көрсөткүчтөн 86%га көп. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.**

Алкоголдук продукциянын жүгүртүлүшүнө контролду күчөтүүнүн эсебинен акциз салыгынын түшүүсү өскөн.

> Ошондой эле, идентификациялоо каражаттары менен маркалоо, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз, электрондук эсеп-фактура сыяктуу салык жол-жоболорун санариптештирүү долбоорлору, ошондой эле акциз салыгын санариптик башкаруу боюнча пилоттук долбоор өз натыйжаларын берген.

Мындан тышкары, 2022-жылы алкоголдук продукциянын негизги өндүрүүчүлөрүнөн акциз салыгынын түшүүсү 2021-жылга салыштырмалуу 5 эсеге өскөн жана алардын сап башында **“АЮ” ЖЧК** турат.

- **“АЮ” ЖЧКдан** **539.9 млн сом акциз** салыгы түшкөн, 2021-жылы бул сумма 374 млн сомду түзгөн
- **“Столичный винно-водочный завод” ЖЧК** – 395.8 млн сом (2021-жылы 124.7 млн)
- **“Абдыш-Ата” ЖЧК** – 280.9 млн сом (2021-жылы 197 млн)
- **“Кыргыз Коньягы” ЖЧК** – 110.9 млн сом (2021-жылы 78.1 млн)
- **“Одекс” ЖЧК** – 102.4 млн сом (2021-жылы 19,5 млн сом).

---

[Июль айынан баштап маркаланбаган сыра продукциясын сатууга тыюу салынат](http://localhost/info-portal/news/2023/01/20/ijul-ajynan-bashtap-markalanbagan-syra-produkciyasyn-satuuga-tyjuu-salynat/)

[Мыйзамсыз алкоголь жана тамеки ташыгандар товарынан да, транспортунан да айрылышат — Салык кызматы](http://localhost/info-portal/news/2022/11/25/myjzamsyz-alkogol-zhana-tameki-tashygandar-tovarynan-da-transportunan-da-ajrylyshat-salyk-kyzmaty/)

[Бишкекте алкоголдук продукцияга сыйымдуулугунан аз көрсөтүлгөн акциздик маркалар чапталып жүргөнү аныкталды](http://localhost/info-portal/news/2022/11/02/bishkekte-alkogolduk-produkciyaga-syjymduulugunan-az-k-l-md-g-akcizdik-markalar-chaptalyp-zh-rg-n-anyktaldy/)