Өткөн жылы алкоголдук продукцияга эң көп акциз салыгын «АЮ» ЖЧК төлөдү
Мамлекеттик салык кызматы 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча өлкөдө өндүрүлгөн алкоголдук продукциялардан 1 млрд 780 млн сом акциз салыгын чогулткан. Бул 2021-жылдагы көрсөткүчтөн 86%га көп. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Алкоголдук продукциянын жүгүртүлүшүнө контролду күчөтүүнүн эсебинен акциз салыгынын түшүүсү өскөн.
Ошондой эле, идентификациялоо каражаттары менен маркалоо, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз, электрондук эсеп-фактура сыяктуу салык жол-жоболорун санариптештирүү долбоорлору, ошондой эле акциз салыгын санариптик башкаруу боюнча пилоттук долбоор өз натыйжаларын берген.
Мындан тышкары, 2022-жылы алкоголдук продукциянын негизги өндүрүүчүлөрүнөн акциз салыгынын түшүүсү 2021-жылга салыштырмалуу 5 эсеге өскөн жана алардын сап башында “АЮ” ЖЧК турат.
- “АЮ” ЖЧКдан 539.9 млн сом акциз салыгы түшкөн, 2021-жылы бул сумма 374 млн сомду түзгөн
- “Столичный винно-водочный завод” ЖЧК – 395.8 млн сом (2021-жылы 124.7 млн)
- “Абдыш-Ата” ЖЧК – 280.9 млн сом (2021-жылы 197 млн)
- “Кыргыз Коньягы” ЖЧК – 110.9 млн сом (2021-жылы 78.1 млн)
- “Одекс” ЖЧК – 102.4 млн сом (2021-жылы 19,5 млн сом).
Июль айынан баштап маркаланбаган сыра продукциясын сатууга тыюу салынат
Мыйзамсыз алкоголь жана тамеки ташыгандар товарынан да, транспортунан да айрылышат — Салык кызматы