> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Улуттук банк февраль айындагы биринчи интервенциясын жүргүздү - 47.1 млн доллар сатты
- URL: https://im.kg/all/2023/02/07/uluttuk-bank-fevral-ajyndagy-birinchi-intervenciyasyn-zh-rg-zd-47-1-mln-dollar-satty/
- Published: 2023-02-07T09:45:49.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:44:44.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Улуттук банк февраль айында биринчи жолу интервенция менен валюта рыногуна чыкты. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында айтылат.**

> Бул жолу регулятор бүтүмдүн датасынан башка эсептешүүлөр менен жалпысынан **47.1 млн доллар** [сатты](https://www.nbkr.kg/index1.jsp?item=114&lang=RUS#20210804-044321%2320230206-131110).

Эскерте кетсек, Улуттук банк ушул жылдын январь айында **104.2 млн доллар** саткан.

2022-жылы өлкөнүн башкы банкы валюта рыногуна 15 жолу интервенция менен чыккан. Анын ичинен сегиз интервенцияда [486.5 млн АКШ долларын](http://localhost/info-portal/news/2022/12/29/uluttuk-bank-byjyl-deerlik-zharym-mlrd-dollar-ichki-valjuta-rynoguna-chygardy-baary-bir-lk-d-dollar-deficit/) банктарга саткан. Чет элдик валютанын наркын текшилөө максатында дагы жети тескери интервенция жүргүзүп, 190.7 млн долларды кайра сатып алган. 

---

[Улуттук банк быйыл дээрлик жарым млрд доллар ички валюта рыногуна чыгарды — бирок баары бир доллар дефицит](http://localhost/info-portal/news/2022/12/29/uluttuk-bank-byjyl-deerlik-zharym-mlrd-dollar-ichki-valjuta-rynoguna-chygardy-baary-bir-lk-d-dollar-deficit/)

[Улуттук банк ири валюталык интервенция жасап, банктарга 87.5 млн доллар сатты](http://localhost/info-portal/news/2022/12/21/uluttuk-bank-iri-valjutalyk-intervenciya-zhasap-banktarga-87-5-mln-dollar-satty/)

[Улуттук банк суроо-талапты кандыруу үчүн валюта рыногуна $59.5 млн сатты](http://localhost/info-portal/news/2022/12/07/uluttuk-bank-suroo-talapty-kandyruu-ch-n-valjuta-rynoguna-59-5-mln-satty/)

[Баалар жана инфляция – Улуттук банктын саясаты кантип экономиканы туруктуу кармап турат](http://localhost/info-portal/news/makalalar/2022/12/01/baalar-zhana-inflyaciya-uluttuk-banktyn-sayasaty-kantip-ekonomikany-turuktuu-karmap-turat/)