Бир күндө КФБда капитализация 5 млрд сомго төмөндөдү
Кыргыз фондулук биржасынын капиталдаштыруусу 7-январга карата 82 млрд сомго чейин төмөндөдү. Бир күн мурда эле 87 млрд сом деңгээлинде болсо, 5-январда 89 млрд сом болгон.
Абсолюттук рекорд январь айынын аягында белгиленип, анда капиталдаштыруу 8.2 млрд сомго жеткен.
Мында КФБнын индекси 5.8%га төмөндөп, 2352 пунктту түздү. Бир күн мурда индекс 2554 пункт деңгээлинде болгон.