Бишкек мэриясы кичиавтобустарга GPS-трекерлерин орнотууну тапшырды - маршруткалар жакында жоголбойт

Кичиавтобустарга GPS-трекерлерин орнотууну жана шаарда маршруткалардын санын көбөйтүү сунушталды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинде Бишкек шаарынын коомдук транспортун тейлеген ташуучу ишканалардын жетекчилери менен кеңешме болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө каттамга чыгууну көбөйтүү, кичиавтобустарга GPS-трекерлерди орнотуу жана айдоочулардын арасында маданиятты, этиканы сактоо маселелери талкууланды.

Кыска убакыттын ичинде унааларды жайгашкан жерин аныктоочу шаймандар менен жабдуу милдети жүктөлдү (GPS-трекерлер). Ташуучу ишканалардын кыймылдуу курамды чыгаруунун пландаштырылган көлөмүн мөөнөтүнөн мурда көбөйтүү жана иштеп жаткан кичиавтобустардын техникалык абалын такай көзөмөлдөө маселесин кароо сунушталды.

GPS-трекерлерди ишке ашыруу боюнча ташуучу ишканалардын өкүлдөрү өздөрүнүн программалык платформаларынын базасында унааларга спутниктик мониторинг жүргүзүү программасын тааныштырышты. Платформа аркылуу коомдук транспортту реалдуу убакыт режиминде көзөмөлдөөгө, жүргүнчүлөрдү коомдук жүргүнчү транспортунун жайгашкан жери жана кыймылы жөнүндө кабардар кылууга болот.

Эскерте кетсек, өткөн жылы мэрия Бишкекке автобустар келсе, маршруткалар борбордук көчөлөрдөн жүрбөйт деп убадалаган болчу.