> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Google for Startups кыргызстандык стартаптартарга акселерация программасына катышууга мүмкүнчүлүк берди
- URL: https://im.kg/all/2023/02/08/google-for-startups-kyrgyzstandyk-startaptartarga-katyshuuga-m-mk-nch-l-k-berdi/
- Published: 2023-02-08T15:38:33.000Z
- Updated: 2023-05-31T07:11:10.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Казакстан Борбор Азиядагы Google for Startups глобалдык компаниясы менен биргеликте Silkway** **акселераторун ишке киргизген биринчи жана жалгыз өлкө. Алардын биргелешкен программасынын былтыркы эки агымынын натыйжалуулугун жана күчтүү көрсөткүчтөрүн эске алуу менен, Google for Startups 2023-жылы Astana Hub менен эксклюзивдүү өнөктөштүгүн улантууну чечкен.**

Натыйжада, Кыргызстандын IT стартаптарына да Silkway Accelerator программасынын үчүнчү агымына катышууга мүмкүнчүлүк берилди. Бул тууралуу [Limon.kg](https://limon.kg/ru/news:76324?fbclid=IwAR1jQYiHLHhdGWgluVWbQkOxEPtUOAFA2xU9yXebVo29%5FBy%5Ftr46NgBZKzI) порталы билдирди.

Белгилей кетсек, өткөн жылы жалпысынан программага катышуу үчүн технологиялык долбоорлордон 567 өтүнмө берилген. Алардын 30у тандоодон ийгиликтүү өтүп, 25и программанын жүрүшүндө кирешелерин көбөйтүп, жаңы рынокторго чыгышкан.

> “Silkway Accelerator программасынын үчүнчү агымы 2023-жылдын мартында башталат, окуу Астанада оффлайн форматында бекер өткөрүлөт жана үч айга созулат. Казакстан, **Кыргызстан**, Өзбекстан, Азербайжан, Монголия, Тажикстан, Түркмөнстан жана Грузиядан Product/Market Fit, Scale этаптарында IT стартаптарынан арыздар 17-февралга чейин кабыл алынат”, – деп айтылат маалыматта.

Катышуучулар мастер-класстарга жана Google компаниясынын мыкты эксперттеринен, Astana Hubтын тажрыйбалуу трекерлеринен жана насаатчыларынан, ошондой эле PR колдоосуна ээ болушат. Үчүнчү агымдын жыйынтыгында Demo Day уюштурулуп, анда стартап-долбоорлор жергиликтүү жана чет элдик инвесторлорго презентацияларды жасашат.