Google for Startups кыргызстандык стартаптартарга акселерация программасына катышууга мүмкүнчүлүк берди

Казакстан Борбор Азиядагы Google for Startups глобалдык компаниясы менен биргеликте Silkway акселераторун ишке киргизген биринчи жана жалгыз өлкө. Алардын биргелешкен программасынын былтыркы эки агымынын натыйжалуулугун жана күчтүү көрсөткүчтөрүн эске алуу менен, Google for Startups 2023-жылы Astana Hub менен эксклюзивдүү өнөктөштүгүн улантууну чечкен.

Натыйжада, Кыргызстандын IT стартаптарына да Silkway Accelerator программасынын үчүнчү агымына катышууга мүмкүнчүлүк берилди. Бул тууралуу Limon.kg порталы билдирди.

Белгилей кетсек, өткөн жылы жалпысынан программага катышуу үчүн технологиялык долбоорлордон 567 өтүнмө берилген. Алардын 30у тандоодон ийгиликтүү өтүп, 25и программанын жүрүшүндө кирешелерин көбөйтүп, жаңы рынокторго чыгышкан.

“Silkway Accelerator программасынын үчүнчү агымы 2023-жылдын мартында башталат, окуу Астанада оффлайн форматында бекер өткөрүлөт жана үч айга созулат. Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Азербайжан, Монголия, Тажикстан, Түркмөнстан жана Грузиядан Product/Market Fit, Scale этаптарында IT стартаптарынан арыздар 17-февралга чейин кабыл алынат”, – деп айтылат маалыматта.

Катышуучулар мастер-класстарга жана Google компаниясынын мыкты эксперттеринен, Astana Hubтын тажрыйбалуу трекерлеринен жана насаатчыларынан, ошондой эле PR колдоосуна ээ болушат. Үчүнчү агымдын жыйынтыгында Demo Day уюштурулуп, анда стартап-долбоорлор жергиликтүү жана чет элдик инвесторлорго презентацияларды жасашат.