> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кумтөр акиташ чыгаруучу жана дөңгөлөктөрдү иштетүүчү завод курууну пландап жатат
- URL: https://im.kg/all/2023/02/08/kumt-r-akitash-chygaruuchu-zhana-d-g-l-kt-rd-ishtet-ch-zavod-kuruunu-plandap-zhatat/
- Published: 2023-02-08T15:17:04.000Z
- Updated: 2023-05-31T05:03:25.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Президенти Садыр Жапаров кечээ, 7-февралда, жумушчу кеңешме өткөрүп, анда “Кумтөр Голд Компани” ЖАКтын 2022-жылга карата өндүрүштүк ишмердүүлүгүнүн отчету жана жакынкы келечекке пландары каралды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.**

Кеңешмеде “Кумтөр Голд Компани” ЖАКтын президенти Алмаз Барыктабасов отчеттук мезгил учурунда айлана-чөйрөнү коргоо боюнча кабыл алынган чаралар, ошондой эле геологиялык чалгындоо жана тоо иштери тууралуу кеңири маалымат берген.

> “Барыктабасов дөңгөлөк чыгаруучу заводду куруу долбоору тууралуу маалымат берди, анын максаты “Кумтөр” кенинин кен казуучу самосвалдарынын дөңгөлөктөрүн гана эмес, Кыргызстандын аймагындагы жеңил жана жүк ташуучу унаалардын **дөңгөлөктөрүн дагы кайра иштетүү**.

> Ошону менен бирге ал бул ишкананын гана эмес, башка тоо-кен жана курулуш ишканаларынын да өндүрүштүк керектөөлөрүн жабууга ылайыкталган **кубаттуулугу жылына 50 миң тонна акиташ заводун куруу** долбоору тууралуу айтып берди”, – деп айтылат маалыматта.