> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кумтөрдөгү калдык сактоочу жайдагы калдыктар иштетилсе, жыл сайын 4.7 тоннадай алтын алынат
- URL: https://im.kg/all/2023/02/08/kumt-rd-g-kaldyk-saktoochu-zhajdagy-kaldyktar-ishtetilse-zhyl-sajyn-4-7-tonnadaj-altyn-alynat/
- Published: 2023-02-08T10:37:07.000Z
- Updated: 2023-05-31T05:03:00.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кумтөрдөгү калдык сактоочу жайдагы калдыктарды кайра иштетсе, жыл сайын 4.7 тоннадай алтын алынат. Бирок Кыргызстан аны 2026-жылдан баштап, 2040-жылга чейин** **иштетет.**

Президент Садыр Жапаров кечээ, 7-февралда, жумушчу кеңешме өткөрүп, анда “Кумтөр Голд Компани” ЖАК 2022-жылга карата өндүрүштүк ишмердүүлүгүнүн отчету жана жакынкы келечекке пландары каралды.

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК президенти **Алмаз Барыктабасов** заманбап технологияны колдонуу менен алтынды алып чыгуу максатында кендеги калдыктарды сактоочу жайдагы (хвостохранилище) калдыктарды кайра иштетүү пландары жөнүндө айтып берди.

> 2026-жылдан тартып калдык сактоочу жайдагы калдыктарды кайра иштетүүдөн алтын алынып башталат. Ошентип жыл сайын 4.7 тоннадай алтын алынары пландалууда.

> Калдык сактоочу жайдагы калдыктарды толук кайра иштетүү **2040-жылга чейин болот. Калдык сактоочу жайдан алынган алтындын** жалпы баасы дээрлик **3.5 млрд АКШ доллары** деп бааланууда.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын 12 айында “Кумтөрдө” 17.3 тонна алтын өндүрүлгөн. Жыл башынан бери компания салык жана милдеттүү төлөмдөрдү 32.1 млрд сом суммасында которгон, план боюнча 30.1 млрд сом болчу.