> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстандагы иш берүүчүлөр сунуштаган орточо айлык 32 миң сом – Head Hunter
- URL: https://im.kg/all/2023/02/08/kyrgyzstandagy-ish-ber-ch-l-r-sunushtagan-ortocho-ajlyk-32-mi-som-head-hunter/
- Published: 2023-02-08T16:21:30.000Z
- Updated: 2023-02-08T16:24:04.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Head Hunter Кыргызстанда 2023-жылдын январында 2022-жылдын январь айына салыштырмалуу сунушталган айлык акылар кандай өзгөргөнүн жана жумуш берүүчүлөр кайсы адистерге көбүрөөк төлөөгө даяр экенин салыштырды.**

> [headhunter.kg](https://bishkek.headhunter.kg/) сайтынын маалыматына ылайык, 2023-жылдын январында Кыргызстанда иш берүүчүлөр сунуштаган орточо айлык акы 32 миң 210 сомду түзүп, былтыркы жылдын январь айына салыштырмалуу 19%га өскөн.

Ошол эле учурда Бишкек шаарында орточо айлык сунуштар мурдагыдай эле Кыргызстан боюнча орточо көрсөткүчтөн жогору бойдон калып, ал 19%га жогору болгону байкалган.

> Эң жогорку маяна IT адистерине, топ-менеджерлерге, ири департаменттердин директорлоруна жана аналитиктерге сунушталды. Бирок сатуучулар эң көп жумуш сунуштарын алышкан (январь айында бош орундардын 43%ы).