Кыргызстандагы иш берүүчүлөр сунуштаган орточо айлык 32 миң сом – Head Hunter
Head Hunter Кыргызстанда 2023-жылдын январында 2022-жылдын январь айына салыштырмалуу сунушталган айлык акылар кандай өзгөргөнүн жана жумуш берүүчүлөр кайсы адистерге көбүрөөк төлөөгө даяр экенин салыштырды.
headhunter.kg сайтынын маалыматына ылайык, 2023-жылдын январында Кыргызстанда иш берүүчүлөр сунуштаган орточо айлык акы 32 миң 210 сомду түзүп, былтыркы жылдын январь айына салыштырмалуу 19%га өскөн.
Ошол эле учурда Бишкек шаарында орточо айлык сунуштар мурдагыдай эле Кыргызстан боюнча орточо көрсөткүчтөн жогору бойдон калып, ал 19%га жогору болгону байкалган.
Эң жогорку маяна IT адистерине, топ-менеджерлерге, ири департаменттердин директорлоруна жана аналитиктерге сунушталды. Бирок сатуучулар эң көп жумуш сунуштарын алышкан (январь айында бош орундардын 43%ы).