Кыргызстандык ишкерлер Москвада «Продэкспо» эл аралык көргөзмөсүнө катышууда

Ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн продукциясын илгерилетүү максатында КРнын Россиядагы Элчилиги 6-10-февраль күндөрү Москвада өтүп жаткан «Продекспо-2023» 30-юбилейлик эл аралык азык-түлүк көргөзмөсүндө КРнын Улуттук стендин ачууга кырызстандык ишкерлердин катышуусун демилгелеген.

Көргөзмөгө КРнын Соода-өнөр жай палатасынын, Агроөнөр жай комплексинин ишканалар ассоциациясынын мүчөлөрүнүн ичинен онго жакын кыргызстандык экспорттоочу компаниялар катышып жатат.

“Көргөзмө экспозициясында Кыргызстандан жогорку сапаттагы
органикалык кургатылган жемиштер, жаңгактар, ар кандай жашылчалар, мөмө-жемиштер, кургатылган мөмө-жемиштер, төө буурчак жана башка азыктар кеңири коюлду”, – дейт уюштуруучулар.


«Продэкспо» – Россиядагы жана Чыгыш Европадагы эң ири эл аралык тамак-аш жана суусундук көргөзмөсү. Быйыл ага 35 өлкөдөн 2 миңден ашык компания катышууда. «Продэкспо – 2023» дүйнө жүзү боюнча алдыңкы өндүрүүчүлөрдүн жана жеткирүүчүлөрдүн тамак-аш жана суусундуктардын мыкты үлгүлөрүн тартуулайт.