> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Минкаб Кытайдан Чүй каналы-2 долбоорунун курулушун жазында баштоону суранды
- URL: https://im.kg/all/2023/02/08/minkab-kytajdan-ch-j-kanaly-2-dolboorunun-kurulushun-zhazynda-bashtoonu-surandy/
- Published: 2023-02-08T09:43:26.000Z
- Updated: 2023-02-08T09:43:28.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кытайдын КРдагы элчиси Ду Дэвень менен болгон жолугушту. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди.**

Төрөбаев Кытайдын элчисине КЭР тарабынан гранттык долбоорлордун негизинде көрсөтүлүп жаткан жардамга ыраазычылыгын билдирди. 

> “Кыргызстандын сугат жерлерин суу менен камсыз кылууну жогорулатууга мүмкүндүк бере турган Отводной Чүй каналы-2 (ОЧК-2) курулушунун долбоорун ишке ашыруудагы жардам үчүн ыраазыбыз. Курулуш мезгилинин башталышы менен 2023-жылдын жазында куруу иштерин баштоону суранабыз”, – деди Төрөбаев. 

2021-жылы Кыргызстандын экономикасына Кытайдан 233 млн доллардан ашуун түз инвестиция келген. 2022-жылдын январынан сентябрына чейин – 219 млн 701 миң долларды түзгөн.