> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Муфтият кыргызстандыктардын ажы сапары үчүн авикомпанияларга кайрадан конкурс жарыялады
- URL: https://im.kg/all/2023/02/08/muftiyat-kyrgyzstandyktardyn-azhy-sapary-ch-n-avikompaniyalarga-kajradan-konkurs-zharyyalady/
- Published: 2023-02-08T11:41:46.000Z
- Updated: 2023-05-31T05:44:31.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**КМДБ Кыргызстандан ажылык сапарга баруучуларды жеткирүүгө авиакомпаниялардын ортосунда кыска мөөнөт ичинде тандоо конкурсун жарыялайт. Бул тууралуу мутияттын сайтында маалымдалды.**

Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы 2023-жылдагы ажылык сапарына баруучу зыяратчыларды ташуу үчүн КРнын жана Сауд Араб Падышалыгынын улуттук авиакомпаниялары ортосунда конкурс жарыялап, катышуучулардын документтерин **2023-жылдын 8-февралынан 15-февраль, саат 17:00 гө** чейин кабыл алат.

Тандоо иш-чарасына катышуучу авиакомпаниялар коюлган талаптар тууралуу кененирээк маалымат алуу үчүн төмөнкү дарекке кайрылса болот:

- Бишкек шаары, Гоголь көчөсү № 57
- Байланышуу үчүн: 0778900601, тел/факс: 0312 48 61 67 э-почта: muftiyat.hajj@mail.ru
- Тандоо иш-чарасы өтө турган күн: 16-февраль, саат 10:00 / КМДБнын жыйындар залы.

2023-жылы КРдан Сауд Араб Падышалыгына ажыларды аба жолдору менен ташууга катышуучу авиакомпанияларга коюлуучу негизги талаптар менен [бул шилтемеден](https://muftiyat.kg/janylyktar/41433/) таанышууга болот.

Белгилей кетсек, Сауд Арабиясы кыргызстандык зыяратчылар үчүн 6 миң квота бөлүп бергени маалымдалган. Муфтият 2023-жылга карата ажылык сапардын баасы тууралуу маалыматты азырынча бере элек.

Муфтияттын маалымат катчысы Максат Атабаев 24.kg маалымат агенттигине берген билдирүүсүнө таянсак, буга чейин сынакка катышууга 4 авиакомпания арыз берген, бирок алардын бири да сынактын талаптарына толук жооп берген эмес.