Жогорку Кеңеш Кыргызстанга 30 млн доллар насыя алуу боюнча келишимди кабыл алды
Парламенттин бүгүн, 8-февралдагы жыйынында депутаттар Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (ЭӨА) экономикалык кризистин кесепеттерин жоюу үчүн Кыргызстанга 30 млн доллар бөлүү боюнча келишимин карап, үчүнчү окууда кабыл алышты.
«Социалдык жардам көрсөтүү программаларын жана эмгек рыногун чыңдоо» долбоору аркылуу ЭАӨ насыя түрүндө 30 млн доллар берет.
Аталган долбоор социалдык коргоо системасын чыңдоого, калктын максаттуу топторун колдоонун натыйжалуулугун жогорулатууга, кесипкөйлүгүн өнүктүрүүгө жана жакыр жана аялуу катмардагы жаштардын ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган.
Долбоор үч компоненттен турат:
- 1-компонент: «Үй-бүлөгө көмөк» программасынын алкагында тез жардам көрсөтүү жана анын натыйжалуулугун жогорулатуу.
- 2-компонент: Калктын аялуу катмары, анын ичинде эмгек мигранттары үчүн ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу.
- 3-компонент: Социалдык коргоо системаларын чыңдоо.
ЭӨА Кыргызстандагы жумушсуздук менен күрөшүүгө 30 млн доллар бөлөт
Жогорку Кеңеш ЭӨА менен 30 млн доллардык долбоорду макулдашууну жактырды