Баткен жана Ошто чек ара кагылышуусунан жабыр тарткан жарандардын 367 кредити жоюлду

Баткен жана Ош облустарындагы куралдуу кагылышууда жабыркаган карыз алуучуларга финансы-кредит уюмдары тарабынан көрүлгөн чаралар тууралуу Улуттук банк маалымат берди.

Регулятордун маалыматына таянсак, 2023-жылдын 31-январына карата финансы-кредит уюмдарына 514 карыз алуучу кайрылган, 31.6 млн сом суммасында 367 кредит жоюлган, 65.3 млн сом суммасында 225 кредит реструктуризацияланган.

2022-жылдын 18-ноябрында кабыл алынган токтомду ишке ашыруу максатында, ФКУ Баткен областындагы карыз алуучулар боюнча бир катар чараларды көргөн:

  • 2022-жылдын 18-ноябрынан 2023-жылдын 31-январы аралыгында ФКУ тарабынан 18 955 кредит артыкчылыктуу тартипте каралган жана берилген
  • «Кепилдик фонду» ААК 158 кредит боюнча 80.3 млн сом суммасына 155 кепилдик берген
  • айрым ФКУлар кредиттөө процесстерин жөнөкөйлөтүү максатында, ички ченемдик документтерине айрым документтерди талап кылууну жокко чыгаруу боюнча өзгөртүүлөрдү киргизген
  • айрым ФКУлар кредиттер боюнча пайыздык чендерди төмөндөтүп, жеңилдетилген пайыз менен «Баткен областындагы карыз алуучулар үчүн кредит берүү» акциясын жүргүзүп жатышат
  • айрым ФКУлар онлайн кредиттөө боюнча иштерди активдүү жүргүзүп, токтом талаптарына ылайык башка чараларды да көрүп жатышат
  • Учурда ФКУлар жабыркаган карыз алуучулардан келип түшкөн бардык арыздарды карап жатат жана алар банк мыйзамдарына ылайык тиешелүү чараларды көрүшөт.