> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# ЕЭК Кыргызстанга 2.5 миң тонна уй этин алымсыз ташып келүүгө уруксат берди
- URL: https://im.kg/all/2023/02/09/eek-kyrgyzstanga-2-5-mi-tonna-uj-etin-alymsyz-tashyp-kel-g-uruksat-berdi/
- Published: 2023-02-09T10:19:11.000Z
- Updated: 2023-02-09T10:20:47.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Евразия экономикалык комиссиясынын кеңеши Кыргызстанга уй этин бажы алымысыз ташып келүү боюнча чечим кабыл алды. Бул тууралуу КР Айыл чарба министрлиги билдирди.**

Кеңештин чечими менен ири мүйүздүү малдын тоңдурулган этине (уйдун эти) карата 2023-жылдын 1-январынан тартып 31-декабрына чейин 2.5 миң тоннадан ашык эмес көлөмдө эт продукциясын импорттук бажы алымдарын төлөөдөн бошотуу каралган.

Бажы алымдарынан бошотуу үчүн импорттоочулар этти өнөр жайда кайра иштетүү үчүн – башкача айтканда, эт азыктарын өндүрүү үчүн ташылып келингендигин ырасташы керек.