> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Казакстан күйүүчү майды экспорттоого тыюу салды
- URL: https://im.kg/all/2023/02/09/kazakstan-k-j-ch-majdy-eksporttoogo-tyjuu-saldy/
- Published: 2023-02-09T13:16:43.000Z
- Updated: 2023-02-09T13:18:29.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Казакстан күйүүчү майды бардык транспорттун түрлөрү менен экспорттоого тыюу салды. Бул тууралуу Zakon.kz. Энергетика жана Экономика министрликтеринин биргелешкен буйруктарына шилтеме берүү менен билдирди.** 

Басылманын билдиришинче, тыюу расмий жарыялангандан 10 күндөн кийин күчүнө кирет жана төрт айга, башкача айтканда, **2023-жылдын жай айына чейин** күчүндө болот. Тыюу салууга талаа жумуштары маалында ички рынокту күйүүчү май менен камсыз кылуу зарылчылыгы себеп болгон.

Чектөө **бензинге, дизелдик отунга** жана **мунай продуктуларынын айрым түрлөрүнө** (майлоочу майлардан, кошумчаларды тандоо боюнча илимий-изилдөө иштери үчүн авиациялык отундан жана башка бир катар беренелерден тышкары) тиешелүү.

> Айдоочуларга багын толтуруп куюга жана канистрде 20 литрден ашпаган запас алууга уруксат берилет.

Энергетика министрлиги мындай кадамын чек ара аймактарында транзиттик унаалардын айдоочуларынын күйүүчү-майлоочу майга болгон суроо-талаптын жогору болушу жана ички тартыштыктан кооптонуу менен түшүндүрдү. Казакстанда бензиндин жана дизелдик отундун чекене баасы коңшу өлкөлөргө караганда төмөн.

---

[Казакстан чет элдиктер үчүн күйүүчү майды кымбаттатат – баасы 80 сомго чейин көтөрүлөт](http://localhost/info-portal/news/2022/08/04/kazakstan-chet-eldikter-ch-n-k-j-ch-majdy-kymbattatat-baasy-80-somgo-chejin-k-t-r-l-t/)

[Бишкекте бензин дээрлик 5 сомго арзандады — Монополияга каршы кызматы](http://localhost/info-portal/news/2023/02/06/bishkekte-benzin-deerlik-5-somgo-arzandady-monopoliyaga-karshy-kyzmaty/)

[Бензин кымбаттайт, Россия бажы алымысыз берчү көлөмдү азайтты — Нетфтетрейдерлер](http://localhost/info-portal/news/2023/01/30/benzin-kymbattajt-rossiya-k-l-md-azajtty-netftetrejderler/)