> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча иштер уланууда
- URL: https://im.kg/all/2023/02/09/kyrgyz-tazhik-chek-arasyn-delimitaciyaloo-zhana-demarkaciyaloo-bojuncha-ishter-ulanuuda/
- Published: 2023-02-09T13:43:14.000Z
- Updated: 2023-02-09T13:43:16.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча топографиялык топтордун иши уланууда. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди.**[](https://www.gov.kg/storage/media/gallery/22587/63e4a1cc7ee5d.jpeg)

Тараптардын дипломатиялык каналдар боюнча жетишилген макулдашууларына ылайык, Бишкек шаарында 3-9-февралда Кыргызстандын жана Тажикстандын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелери боюнча жумушчу топторунун жана топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү. 

> “Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү Протоколдорго кол коюлду”, – деп айтылат маалыматта.

Жумушчу топтордун кезектеги жолугушуусу Тажикстандын аймагында пландалууда.

- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2023/02/63e4a1cc7ee5d-thumb.jpeg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2023/02/63e4a1cc7ee5d-thumb.jpeg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2023/02/63e4a1cc88592-thumb.jpeg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2023/02/63e4a1cc88592-thumb.jpeg)