Кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча иштер уланууда
Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча топографиялык топтордун иши уланууда. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди.
Тараптардын дипломатиялык каналдар боюнча жетишилген макулдашууларына ылайык, Бишкек шаарында 3-9-февралда Кыргызстандын жана Тажикстандын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелери боюнча жумушчу топторунун жана топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү.
“Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү Протоколдорго кол коюлду”, – деп айтылат маалыматта.
Жумушчу топтордун кезектеги жолугушуусу Тажикстандын аймагында пландалууда.