> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда чет өлкө валютасына суроо-талаптын сунуштан артышы байкалууда - Улуттук банк
- URL: https://im.kg/all/2023/02/09/kyrgyzstanda-chet-lk-valjutasyna-suroo-talaptyn-sunushtan-artyshy-bajkaluuda-uluttuk-bank/
- Published: 2023-02-09T09:55:52.000Z
- Updated: 2023-05-31T05:35:38.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Акыркы убакта биздин өлкөнүн валюта рыногунда чет өлкө валютасына суроо-талаптын сунуштан артышы байкалууда, бул биринчи кезекте сезондук факторлор менен шартталган. Бул тууралуу Улуттук банктын Акча-кредиттик операциялар башкармалыгынын башчысы Азат Козубеков билдирди.**

Анын айтымында, өлкөнүн валюта рыногунда чет өлкө валютасына суроо-талап менен сунуштун катышына тышкы экономикалык кырдаал, биринчи кезекте соода боюнча өнөктөш өлкөлөрдүн экономикалык өнүгүү келечектери таасирин тийгизүүдө. 

Алмашуу курсунун кескин өзгөрүшүн текшилөө максатында 2023-жылдын башынан 7-февралына чейин Улуттук банк жалпы **151.35 млн АКШ доллары** өлчөмүндө чет өлкө валютасын сатуу боюнча эки жолу интервенция жүргүзгөн. 

> “Учурда валюта рыногунда абал салыштырмалуу туруктуу бойдон калууда. 2023-жылдын башталышынан 9-февралына чейин доллардын сомго карата расмий курсу 1.27%га жогорулап, 1 доллар 86.7700 сомду түздү. 

> Ошондой эле, өзгөрүлмө алмашуу курсунун саясаты алкагында АКШ долларынын улуттук валютага карата алмашуу курсу ички валюта рыногунда эркин түзүлүп, чет өлкө валютасынын суроо-талабы менен сунушунан көз каранды экендигине көңүлүңүздөрдү бурабыз”, – дейт Улуттук банктын Акча-кредиттик операциялар башкармалыгынын башчысы.