Кыргызстанда чет өлкө валютасына суроо-талаптын сунуштан артышы байкалууда - Улуттук банк

Акыркы убакта биздин өлкөнүн валюта рыногунда чет өлкө валютасына суроо-талаптын сунуштан артышы байкалууда, бул биринчи кезекте сезондук факторлор менен шартталган. Бул тууралуу Улуттук банктын Акча-кредиттик операциялар башкармалыгынын башчысы Азат Козубеков билдирди.

Анын айтымында, өлкөнүн валюта рыногунда чет өлкө валютасына суроо-талап менен сунуштун катышына тышкы экономикалык кырдаал, биринчи кезекте соода боюнча өнөктөш өлкөлөрдүн экономикалык өнүгүү келечектери таасирин тийгизүүдө.

Алмашуу курсунун кескин өзгөрүшүн текшилөө максатында 2023-жылдын башынан 7-февралына чейин Улуттук банк жалпы 151.35 млн АКШ доллары өлчөмүндө чет өлкө валютасын сатуу боюнча эки жолу интервенция жүргүзгөн.

“Учурда валюта рыногунда абал салыштырмалуу туруктуу бойдон калууда. 2023-жылдын башталышынан 9-февралына чейин доллардын сомго карата расмий курсу 1.27%га жогорулап, 1 доллар 86.7700 сомду түздү.

Ошондой эле, өзгөрүлмө алмашуу курсунун саясаты алкагында АКШ долларынын улуттук валютага карата алмашуу курсу ички валюта рыногунда эркин түзүлүп, чет өлкө валютасынын суроо-талабы менен сунушунан көз каранды экендигине көңүлүңүздөрдү бурабыз”, – дейт Улуттук банктын Акча-кредиттик операциялар башкармалыгынын башчысы.