Түркиянын кырсык болгон шаарларынан 17 кыргызстандык мекенине келе жатат

ТИМ Кыргызстандын Анкарадагы элчилиги менен биргеликте жаратылыш кырсыгы болгон аймактан мекенине кайткысы келген Кыргызстандын 17 жаранын КРга жөнөттү.

Кечээ, 8-февралда Түркиянын Газиантеп шаарынан Астана шаарына Казакстандын атайын учагы менен Кыргызстандын 17 жараны учуп кетишкен. Алар мекенине кайтуусу үчүн КРнын Казакстандагы элчилиги жардам көрсөтмөкчү.

Мындан тышкары, Түркиядагы чет элдик мекемелер тарабынан Газиантеп жана Кахраманмараштан Анталия, Алания жана Анкара шаарларына Кыргызстандын 20дан ашык жараны эвакуацияланган.

Кыргызстандын өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери Хатай шаарынан Кыргызстандын 10 жаранын да коопсуз аймактарга эвакуациялоодо.