Токмок шаарында мыйзамсыз майнинг-ферма табылды - 1 млн сом зыян келтирген

УКМК тарабынан өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын жүрүшүндө республиканын мамлекеттик энергетикалык ишканаларынын электр тармактарына мыйзамсыз майнинг-фермага кошулуу фактылары аныкталган.

Чүй облусунун Токмок шаарындагы Шамшинская көчөсүндө жайгашкан майнинг-ферманын мыйзамсыз түрдө криптовалюта ишин жүргүзгөндүгү аныкталды.

Комиссиялык текшерүүнүн жүрүшүндө, Токмок шаардык салык
кызматынын, Райондук электро станциясынын кызматкерлеринин жана КР жараны 1988-жылы туулган Д.Т.А. катышуусунда гараждардын ичинде жайгашкан жер төлөөлөрдөн «S9» жана «L3» маркасындагы 24 даана криптовалюта жабдуулары табылып алынды.

Ошол эле учурда бул жабдуулар электр эсептегичтерин айланып өтүп, Токмок электр бөлүштүрүүчү зонанын тармагына түз кошулган.
Электр энергиясын пайдалануу мөөнөтүнүн негизинде мамлекетке алдын ала 1 млн сомго жакын зыян келтирилген. Учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.