9 банк биригип, каза болгон эки чек арачынын үй-бүлөсүнө Бишкектен батир алып беришти
«М Булак» МКК, «ЭкоИсламикБанк» ЖАК, «ФИНКА Банк» ЖАК, «Халык Банк Кыргызстан» ААК, «Азия Банкы» ЖАК, «Бай-Түшүм» ААК, «Кыргыз-Швейцария Банкы» ЖАК, «Капитал Банк» ААК жана «Кыргызкоммерцбанк» ААК Баткенде куралдуу кагылышууда каза болгон эки чек арачынын үй-бүлөлөрүнө батир сатып алып беришти.
Жогоруда аты аталган банктар кайрымдуулук катары жалпы суммасы 8.5 млн сомго Бишкектин борборунан эки батир сатып алып беришкен.
Кыргызстан банктар бирикмесинин маалыматына караганда, эки батир тең жоокерлердин апалары Иманалиева Сауле Бакытовна менен Избасарова Мовлуда Нурматовналарга берилген.
“Банк сектору өлкөдө атуулдук милдетин аткарууну улантууда. Банктар союзу батирди алууга катышкан бардык ФКУларды жана алардын кызматкерлерине ыраазычылык билдирет дейт”, – Банктардын бирикмеси.