> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Демир Банк» инвесторлор менен бирге Каракөл ГЭСин курууну көздөөдө
- URL: https://im.kg/all/2023/02/13/demir-bank-investorlor-menen-birge-karak-l-gesin-kuruunu-k-zd-d/
- Published: 2023-02-13T11:24:41.000Z
- Updated: 2023-05-31T03:40:37.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**“Демир Банк” чет элдик инвестор менен чогуу Каракөл кичи ГЭСинин курулушун баштоону көздөөдө. Бул тууралуу инвестициялык форумдун жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдиргенин “Кабар” агенттиги маалымдады.**

Министрлер кабинетинин башчысынын айтымында, буга чейин Дүйнөлүк банк инвестор болот деп пландалып жаткан. Бирок долбоорду ратификациялоо процесси убакытты талап кылат.

> «Өз кезегинде банктын башкармалыгы жана чет элдик инвестор чакан ГЭСтин курулушун 1.5-2 жылда бүтүрүүнү пландоодо», – деди ал.

Эске сала кетсек, буга чейин КР Энергетика министрлиги Кара-Суу дарыясына кичи ГЭС курууга тендер жарыялоого даяр экенин билдирген.