> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Финансы министрлигине «Улуу Көчмөндөр Мурасы» холдингин эки айда жоюу тапшырылды
- URL: https://im.kg/all/2023/02/13/finansy-ministrligine-uluu-k-chm-nd-r-murasy-holdingin-eki-ajda-zhojuu-tapshyryldy/
- Published: 2023-02-13T09:51:05.000Z
- Updated: 2023-05-31T07:00:38.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**«Улуу Көчмөндөр Мурасы» улуттук холдинг компаниясы» ААК жоюлат. Тиешелүү чечим министрлер кабинетинин жыйынында кабыл алынганын минкабдын маалымат кызматы билдирди.**

Аталган чечим КРнын граждандык кодекси жана конституциялык мыйзамдарына ылайык кабыл алынган.

> Кабыл алынган чечим алкагында Финансы министрлигине «Улуу Көчмөндөр Мурасы» Улуттук холдинг компаниясы» ААКтын жоюусу жана жоюу боюнча комиссияны түзүүсү тапшырылды.

Жоюу боюнча комиссия **эки айлык мөөнөттө** «Улуу Көчмөндөр Мурасы» Улуттук холдинг компаниясы» ААКсын жоюу боюнча иш-чараларды жүргүзүүсү тийиш.