Финансы министрлигине «Улуу Көчмөндөр Мурасы» холдингин эки айда жоюу тапшырылды

«Улуу Көчмөндөр Мурасы» улуттук холдинг компаниясы» ААК жоюлат. Тиешелүү чечим министрлер кабинетинин жыйынында кабыл алынганын минкабдын маалымат кызматы билдирди.

Аталган чечим КРнын граждандык кодекси жана конституциялык мыйзамдарына ылайык кабыл алынган.

Кабыл алынган чечим алкагында Финансы министрлигине «Улуу Көчмөндөр Мурасы» Улуттук холдинг компаниясы» ААКтын жоюусу жана жоюу боюнча комиссияны түзүүсү тапшырылды.

Жоюу боюнча комиссия эки айлык мөөнөттө «Улуу Көчмөндөр Мурасы» Улуттук холдинг компаниясы» ААКсын жоюу боюнча иш-чараларды жүргүзүүсү тийиш.