Индиялык компания Ошто таштандыларды кайра иштетүүчү завод курат

Ош мэриясы менен компаниянын өкүлдөрү тарабынан кол коюлган меморандумга ылайык, Индиянын «Арман Уэйст Менеджмент ЛТД» компаниясы Ош шаарында таштандыларды кайра иштетүүчү заводду өз каражатына курат.

Муниципалитеттин маалымат кызматы билдиргендей, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Индиянын «Арман Уэйст Менеджмент ЛТД» компаниясынын директору Анил Патвари менен жолугушуу өткөрүп, анда катуу тиричилик таштандыларын кайра иштетүү маселелерин талкуулашкан.

Индиялык компания Индиянын суу менен камсыздоо, саркынды сууларды тазалоо жана катуу тиричилик калдыктарын кайра иштетүү жаатындагы заманбап технологиялык компаниялардын долбоорлорун тартуулады. Жетигенов башка ири шаарлардай эле Ош шаарында да бул тармактарда көйгөйлөр бар экенине токтолуп, шаардын мэриясы менен жемиштүү кызматташууга даяр экенин белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында, Ош шаарынын мэриясы менен Индиянын «Арман Уэйст Менеджмент ЛТД» компаниясынын ортосунда шаарга таштандыларды кайра иштетүүчү завод куруу боюнча меморандумга кол коюлду.

Долбоорду Индия тараптын эсебинен ишке ашыруу боюнча келишим түзүлгөнүн Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.