Күн электр станциясын былтыры куруп баштады деген «Бишкек Солар» учурда жер маселесин чечип жатат

Күн электр станциясын курууга даярданып жаткан “Бишкек Солар” ААК компаниясы учурда жер маселесин жана тиешелүү документтерин бүткөрүүгө аракеттенип, иликтөө иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.

Энергетика министри Таалайбек Ибраев 12-февралда Ысык-Көл облусуна иш сапар менен барган.

Министр жумуш сапардын алкагында Ибраев Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр айыл өкмөтүндө курулууга пландалып жаткан 300 МВт кубаттуулуктагы күн электр станциясынын долбоору менен таанышып, инвестор менен биргеликте иштелип чыккан электр энергиясын 220 (110/35) кВт “Ысык-Көл” көмөк чордонуна кошуу мүмкүнчүлүгүн текшерип чыккан.

“Ошондой эле министр Балыкчы шаарынын мэри менен биргеликте Тору-Айгыр айыл өкмөтүндөгү “Ысык-Көл” көмөкчордонуна чейинки ВЛ-220 кВ аба чубалгысы курулуучу жер участогун карап чыгышты. Таалайбек Ибраев күндөн электр энергиясын алуучу станция курам деген инвесторго көмөкчордонго кошулууга мүмкүнчүлүк түзүп берүү үчүн, Ысык-Көл электр тармактар ишканасынын жетекчисине бир катар тапшырмаларды берди”, – дейт министрлик.


Эскерте кетсек, казакстандык «ТехноГруппСервис» ЖЧК инжиниринг компаниясы кыргызстандык «Бишкек Солар» компаниясы менен күн электр станциясын жана электр энергиясын өндүрүү үчүн тиешелүү инфраструктураны курары белгилүү болгон. Өткөн жылы 21-июнда курулушка капсула салуу салтанаттуу аземи болуп өткөн.

Кубаттуулугу 50 МВт күн станциясын куруу боюнча долбоордун биринчи этабын ишке ашыруу үчүн Евразия өнүктүрүү банкынан (ЕӨБ) жана казакстандык AIFC Green Finance Centre Ltd компаниясынан каражаттар тартылган.


Ысык-Көлдө 300 млн доллардык күн электр станциясы курула баштады

Кыргызстанда биринчи күн станциясы курулат – аны Евразия өнүктүрүү банкы 40 млн долларга каржылайт