> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кийинки жылдан киреше алган бардык жарандар салык декларациясын тапшырышат
- URL: https://im.kg/all/2023/02/13/kijinki-zhyldan-kireshe-algan-bardyk-zharandar-salyk-deklaraciyasyn-tapshyryshat/
- Published: 2023-02-13T13:37:30.000Z
- Updated: 2023-02-13T13:38:04.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Мамлекеттик салык кызматы 2023-жылдан тартып Кыргызстанда жалпы салыктык декларациялоонун биринчи этабы баштады. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.**

Жыл сайын милдеттүү түрдө салык декларациясын тапшыргандардан тышкары, быйылкы жылы салык төлөөчүлөрдүн жаңы категориялары да тапшыруусу зарыл.

Тактап айтканда, ушул жылдын 1-майына чейин 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча салык декларациясын төмөнкүлөр тапшырышы керек:

- мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын карамагында турган, илимий-изилдөө, чыгармачылык, окутуучулук, дарылоо-ден соолукту чыңдоо жана калкты тейлөө боюнча аткаруу-тескөө функциялары менен байланышпаган башка иштерди жүзөгө ашыруучу мекемелердин, ишканалардын же уюмдардын кызматкерлери
- мамлекеттик же муниципалдык кызматчы болуп саналбаган, мамлекеттик үлүшү бар уюмдардын жана ишканалардын кызматкерлери
- эл аралык уюмдардагы ишинен киреше алган, жашап турууга укугу же кайрылман статусу бар жарандар
- жыл ичинде 300 миң сомдон ашык суммадагы мүлктү сатып алган жеке жактар.

> “Белгилей кетсек, салык мыйзамдарына ылайык, 2026-жылдан тартып КРнын бардык жарандары салык декларациясын тапшырууга милдеттүү. Ага чейин жалпы салыктык декларациялоо этап-этабы менен киргизилет. Биринчи этап 2023-жылы башталды. Кийинки жылдан баштап салык салынуучу киреше алган бардык жеке жактар милдеттүү түрдө салык декларациясын тапшырышат”, – дейт Салык кызматы.

Эскерте кетсек, **1-апрелге чейин юридикалык жактар**, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар жана **1-майга чейин жеке жактар** жана жеке ишкерлер салык декларациясын тапшырышы керек.