Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду КРдагы бардык мейманкана бизнесинин өкүлдөрүн жолугууга чакырат
КРдагы Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду бардык мейманкана бизнесинин өкүлдөрүн жолугууга чакырат. Бул тууралуу фонддун маалымат кызматы билдирди.
Жолугушууда жайгаштыруу обьектилерин башкарууга (PMS) арналган программалык камсыздоо системасы жана онлайн алдын ала ээлөө (брондоо) сервистеринин презентациясы өтөт.
КРда онлайн брондоо кызматтары жана ишмердүүлүктү башкаруунун программалык системалары (PMS) киргизилет.
Иш-чара 2023-жылдын 21-февралында Бишкекте, ал эми 22-февралда Ош шаарында өтөт.
“КРдагы Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду” мейманкана секторунун ишмердүүлүгүнө көмөктөшүү максатында операциялык башкаруудагы маселелерди жакшыртуу, ишкерлик боюнча жаңы байланыштарды жана кызматташтыкты жөнгө салуу, ошондой эле Россиядан келген туристтерди көбөйтүү үчүн жайгаштыруу объектилерин башкарууга (PMS) арналган программалык камсыздоо жана онлайн алдын ала ээлөө сервистеринин тааныштыруу ишин уюштурууда.
- Презентация күндөрү: 21-февраль. Бишкек шаары
- Өткөрүлө турчу жер: NOVOTEL мейманканасы
- Башталышы: 09:30 – 22-февраль.
- Өткөрүлө турчу жер: Ош шаары Jannat Resort Osh
- Башталышы: 10:30
Буга байланыштуу фонд HoReCa Club ассоциациясынын өнөктөштүгү менен КРдагы мейманкана бизнесинин бардык кызыктар өкүлдөрүн чакырат (мейманкана, хостел, конок үйлөрү).
Катышуу шарттары: Акысыз. Болгону event@fundtourizm.com электрондук дареги боюнча катталуу зарыл. Кошумча маалымат алуу үчүн +996 555 979 008 номерине чалса болот.