Кыргызcтандык куткаруучулар Түркияда дагы төрт жаранды урандылардын астынан тирүү табышты
Кыргызстандык куткаруучулар кыйрап калган 12 кабаттуу үйдүн эң астынкы кабатынан 4 жаранды тирүү алып чыгышты. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Эскерте кетсек, жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу боюнча эл аралык келишимдердин негизинде урандылардын астында калган адамдарды издөөгө жана куткарууга, тазалоого КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 7-февралда 63 куткаруучу Түркия мамлекетине кеткен.
Ал эми кечээ, 12-февралда дагы 80 куткаруучу, гуманитардык жардам 78 боз үй, 3 дарыгер жана боз үй тигүүчүлөр атайын борт менен жөнөтүлгөн жана алар Газиантеп шаарына конгон. Куткаруучулар, дарыгерлер жана гуманитардык жардам зилзаланын очогу – Кахранмараш шаарына жол тартат. Жөнөтүлгөн бортту КРнын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев тосуп алды.
Маалыматтарга таянсак, Түркия менен Сириядагы эң күчтүү жер титирөөлөрдүн натыйжасында каза болгондордун саны 33 миңден ашты. Кыргызстандан барган куткаруучулар имараттардын урандыларынын астында калгандарды издөөнү улантышууда.