> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жогорку технологиялар паркы өткөн жылы 4.2 млрд сом киреше тапты
- URL: https://im.kg/all/2023/02/13/zhogorku-tehnologiyalar-parky-tk-n-zhyly-4-2-mlrd-som-kireshe-tapty/
- Published: 2023-02-13T17:55:10.000Z
- Updated: 2023-02-13T17:56:12.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстандын Жогорку технологиялар паркы (ЖТП) былтыр 4.2 млрд сом киреше алса, анын 92% экспорттун эсебинен камсыздалган. Бул тууралуу аталган парктын директору Чубак Темиров отчеттук маалыматында билдирди.**

> «2022-жылдын жыйынтыгы боюнча биз 4.2 млрд сомдон ашык киреше алдык, бул мурдагы 2021-жылга салыштырмалуу дээрлик 100%га көп. Анда ишканалар 2.1 млрд сомдон ашык киреше алышкан. Максатыбызга толук жеттик. Эми 2023-жылга карата жаңы максатыбыз – бул көрсөткүчтү 8 миллиардга жеткирүү. Биз ийгиликке жетебиз деп ишенебиз”, – деди ЖТПнын директору.

Өткөн жылы 185 компания иш алып барган, ал эми учурда ЖТПнын курамында 260тан ашык IT-компания иштейт.