> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Баткенде 587 ишкерге жеңилдетилген кредит берилди
- URL: https://im.kg/all/2023/02/14/batkende-587-ishkerge-zhe-ildetilgen-kredit-berildi/
- Published: 2023-02-14T14:30:33.000Z
- Updated: 2023-02-14T14:30:36.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**2023-жылдын 1-январына карата Баткен облусунун 587 ишкердик субъектисине 484.63 млн сом суммасында жеңилдетилген кредит берилди. Бул тууралуу Финансы министрлигинин маалымат кызматы билдирди.**

Эскерте кетсек, Баткен облусун өнүктүрүү жана калкына мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, министрлер кабинетинин “Баткен облусун жеңилдетилген каржылоо” долбоору бекитилген.

Долбоордун алкагында 2022-жылдын ичинде коммерциялык банктардын финансы каражаттары Баткен облусунун чек арага жакын жайгашкан калктуу конуштарында иш алып барган жеке адамдарга, чакан жана орто бизнестин субъекттерине берилген.