> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкек шаарынын мэриясы 120 жаңы автобустардын кандай жүрөрүн аныктады
- URL: https://im.kg/all/2023/02/14/bishkek-shaarynyn-meriyasy-120-zha-y-avtobustardyn-kandaj-zh-r-r-n-anyktady/
- Published: 2023-02-14T13:11:35.000Z
- Updated: 2023-02-14T13:11:47.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти Zhongtong 6105 маркасындагы 120 жаңы автобустун кыймыл чиймесин аныктаганын билдирди.**

**Жаңы автобустар иштеп жаткан маршруттук линиялар боюнча төмөнкүдөй бөлүштүрүлгөн:**

- **№35 автобустук каттам** (Батыш автобекети – Темир жол бекети – Чыгыш автобекети) узундугу 18.2 км, аралыгы 7 минута күнүмдүк пландык чыгуусу 14 автобусту түзөт. Жүргүнчүлөрдүн сыйымдуулугу боюнча №113 каттамдагы 42 кичиавтобусту алмаштырат.
- **№48 автобустук каттам** (Батыш автобекети – Чыгыш автобекети (айланма) узундугу – 18 км, аралыгы – 7 минута күнүмдүк пландык чыгуусу 14 автобусту түзөт. Жүргүнчүлөрдүн сыйымдуулугу боюнча №214 каттамдагы 42 кичиавтобусту алмаштырат.
- **№38 автобустук каттам** (Аламүдүн-1 к/р. – 110 квартал) узундугу 37.4 км, интервалы – 7 минута шаардын батыш жана чыгыш бөлүгүн камтыйт, 19 автобус бөлүнгөн.
- **№42 автобустук каттам** (12 к/р. – Ала-Тоо ж/к) узундугу – 49.6 км, аралыгы – 7 минута шаардын түштүк жана батыш бөлүктөрүн камтыйт, күнүмдүк пландык чыгуусу 19 автобусту түзөт, 19 автобус бөлүнгөн.
- **№7 автобустук каттам** (Аламүдүн-1 к/р – Дача Достук) узундугу 40.7 км, аралыгы 7 минута шаардын түндүк жана түштүк бөлүктөрүн камтыйт, пландык чыгуусу 20 автобусту түзөт. (Ютонг 6108).

Транспорт департаменти тарабынан ошондой эле автобус каттамдарынын жаңы кыймыл чиймелери иштелип чыккан: 

- **№31 автобус** (Ынтымак ж/к – айланма) узундугу 34 км, аралыгы 7мин. күнүмдүк пландык чыгуусу 24 автобусту түзөт. Көрсөтүлгөн автобустук каттам №101 кичиавтобустук каттамдагы 72 кичиавтобусту алмаштыра алат.
- **№49 автобус** (Арча – Бешик ж/к – айланма) узундугу 24.2 км, аралыгы 7 минута, күнүмдүк пландык чыгуусу 11 автобусту түзөт. 33 кичиавтобусту алмаштырат.
- **№50 автобус** (Рухий – Мурас ж/к- Жилгородок) узундугу 44 км, аралыгы 7 минута, күнүмдүк пландык чыгуусу 19 автобусту түзөт. 66 кичиавтобусту алмаштырат.
- **№19 автобус** (Ак-Ордо ж/к – Кустанай көч.) узундугу 34 км, аралыгы 7 минута күнүмдүк пландык чыгуусу 17 автобусту түзөт. 51 кичиавтобусту алмаштырат.

Жогоруда аталган 54 бирдик санындагы автобустар 162 кичиавтобусту алмаштырат, бул шаардын экологиясына атмосферага зыяндуу чыгындылар боюнча олуттуу таасирин тийгизет.