Бишкектен Сианьга жаңы авиакаттам ачылды
Бишкектен Сианьга жаңы авиакаттам ачылды. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун» (Кыргызстандагы бардык аэропорттордун оператору, мамлекеттик үлүшү 79%) маалымат кызматы билдирди.
2023-жылдын 11-февралынан тартып Кытайдын China Southern Airlines авиакомпаниясы Сиань – Бишкек – Сиань багыты боюнча үзгүлтүксүз авиакаттамдарды ачты.
Учуулар жумасына бир жолу – жекшемби күндөрү аткарылат.
«Манас» эл аралык аэропортунан Кытайдын эң ири шаарларынын бирине туруктуу учуулар биринчи жолу аткарылды.
China Southern Airlines авиакомпаниясы Бишкек — Сиань туруктуу аба каттамын ачат
«Манас» аэропортун модернизациялоону эмнеге күмөндүү араб инвесторуна берүүнү көздөшүүдө?