> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# ЕАЭБге мүчө мамлекеттер тамак-аш азыктарын маркировкалоого өзгөртүү киргизүүнү сунушташууда
- URL: https://im.kg/all/2023/02/14/eaebge-m-ch-mamleketter-tamak-ash-azyktaryn-markirovkaloogo-zg-rt-kirgiz-n-sunushtashuuda/
- Published: 2023-02-14T15:51:29.000Z
- Updated: 2023-05-31T03:47:30.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**КР Айыл чарба министрлиги ЕАЭБге мүчө мамлекеттер тарабынан «Тамак-аш азыктарын маркировкалоо жөнүндө» (ТР ТС 022/2011) техникалык регламентине өзгүртүүлөрдү киргизүү сунушталып жактандыгын маалымдады.**

Бул өзгөртүүлөр уюмдун же жеке ишкердин жайгашкан ордунун (шаарлардын, облустардын, көчөлөрдүн) аты өзгөргөн учурда **продукцияны сатууга** жана **жүгүртүүгө жол берүү** бөлүгүнө тийиштүү. 

Тактап айтканда, продукциянын жарактуу мезгили бүткөнгө чейин жана шайкештикти баалоо жөнүндө документтердин колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин сатууну жана жүгүртүүнү жүзөгө ашырууга мүмкүн.

> Бул өзгөртүүлөр канатуулардын этинен жасалган балдар азыктарынын айрым түрлөрүн үчүн, атап айтканда, **колбасалардагы нитриттердин курамы** 150 мг/кг – 30 мг/кг чейин, ал эми ниторосаминдердин курамы 0.002 мг /кг – 0.001 мг/кг чейин нитриттердин, нитраттардын жана нитрозоаминдердин (суммасы НДМА жана НДЭА) көрсөткүчтөрүн корректировка бөлүгүнө тийиштүү.